Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту райондун аймагында митингдерди өткөрүүгө коюлган тыюуну 2025-жылдын 30-сентябрына чейин узартты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Соттун чечимине ылайык, Биринчи Май районунун аймагында жыйындарды, митингдерди жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө толугу менен тыюу салынат.
«Бир гана Ала-Тоо аянтында мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларды өткөрүүгө гана уруксат берилет. Ал эми башка бардык митингдер жана акциялар өткөрүү Рыскулов көчөсүндөгү М. Горький атындагы скверде гана мүмкүн»,- деп айтылат маалыматта.