Бишкектеги «Буффет» ашканасында массалык уулануу болду

Бишкек шаарында тамак-аштан массалык уулануу болуп, 13 адам ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Медициналык жардам сурап кайрылгандардын 11и ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууда.
Маалыматка ылайык, жабыркагандар «Буффет» ашканалар тармагынын биринде тамактанганы аныкталган. Мекеме уулануу так кайсы даректеги ашканадан болгонун ачыктаган жок.
Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери аталган ашканага текшерүү жүргүзүп, лабораториялык изилдөөлөр үчүн продукциялардын үлгүлөрүн алышкан.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп, ишканага 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Ошондой эле 11-марттан тарта ашкананын иши убактылуу токтотулду. Учурда эпидемиологиялык иликтөө иштери улантылууда.