Бишкектеги кампалардын биринен 70 миллион сомдук мыйзамсыз жүк табылды

Бишкектеги кампалардын биринен 70 миллион сомдук мыйзамсыз жүк табылды

Бишкектеги кампалардын биринен акциздик маркасы жок, жалпы баасы 70 миллион сомду түзгөн  тамеки продукциялары табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсузудк мамлекеттик комитети билдирди.

1-сентябрында УКМК кызматкерлери  А.И. аттуу жарандын башкаруусундагы «Mercedes Sprinter» автоунаасын текшеришкенде унаадан 79 куту акциздик маркасы жок тамеки продукциялары кармалган.

Ыкчам-иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз жүктүн ээси А.Б. аттуу адам экени аныкталган. Ал бажы кызматынын, мамлекеттик салык кызматынын жана финполдун кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, тамекилерди мыйзамсыз жолдор  аркылуу чет өлкөлөргө сатып турган.

Мындан улам мамлекетке жалпысынан 24 млн сомдон ашык каражат түшпөй калган.

Бул факты мыйзамсыз кирешелерди адалдоо беренеси менен  кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда А.Б. жашаган жерин аныктоо жана табылып алынган тамекилердин жалпы баасы жана бажы кызматтарына төлөнбөгөн чыгымдардын баасы аныктоо иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>