Бишкектеги Кара-Дарыя көчөсүнүн жаңыланган бөлүгү ачылды

Бишкектеги Кара-Дарыя көчөсүнүн жаңыланган бөлүгү ачылды

Бишкекте Кара-Дарыя көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен бүткөрүлүп, унаа кыймылы үчүн ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы салынган жолдун узундугу 1,4 чакырымды, туурасы 9 метрди түзөт. Көчө боюна ирригациялык тутумдар, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар, жол чырактар, жана бардык жол белгилери орнотулду.

Бул долбоор Бишкектин түндүк жана түштүк бөлүктөрүн туташтырган маанилүү магистралдардын бири катары эсептелет. Курулуш иштери 2024-жылы башталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: жол оңдоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>