Site icon Reporter.kg

Бишкектин мектеп окуучулары эки күн онлайн окушат

Бишкектеги мектептер 12-13-октябрь күндөрү онлайн режимде окууга которулат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бул күндөрү Бишкекте Россиянын президенти Владимир Путиндин иш сапары жана КМШ мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Ага байланыштуу Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү маалы менен жабылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version