24-май күнү Бишкек шаарындагы Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында 9-класстын окуучусу дааратканадан асынган абалда табылган. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Мектептин директорунун милдетин аткаруучу Гоар Баетова аталган өспүрүм бул мектепте 1-класстан бери окуп, интернатта жашап келгенин, анын окуусунда жана курбу-курдаштары менен мамилесинде эч кандай көйгөйлөр болгон эместигин билдирген.
Учурда бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн.
Өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин, институттун кызматкерлери аталган мектеп-интернатка монитогринг жүргүзүшүп, анда психологдор, социалдык кызматкерлер жок экенин аныкташкан.
Маалыматка ылайык, музыкалык мектепте 1-класстан 11-класска чейин 513 окуучу билим алат, алардын ичинен 200 бала жатаканада жашайт.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептин штатында социалдык кызматкер, психолог жана түнкү убакыттагы тарбиячы каралбагандыгы аныкталды. Түнкү кезекте жалгыз тарбиячы калып, ал балдарга да, кыздарга да көзөмөл жүргүзүүгө аргасыз болот.
Ошондой эле, мектепте окуучулар өз кайрылууларын, арыз-даттанууларын жана сунуштарын калтыра ала турган атайын ящик же журнал жок.
Мектепке видеокөзөмөл орнотулган, бирок, ага кирүү укугу директордо гана бар. Ал эми директор болсо саат 8:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Күзөтчүлөр видеокөзөмөлдү карай албагандыктан 24 сааттык байкоо жок»,- деп билдирди институт.
Акыйкатчы институту мектептин уставында тарбиячы балдардын өмүрү жана саламаттыгы үчүн жооптуу деп көрсөтүлгөнү менен, түнкү тарбиячылардын маселеси мектеп түзүлгөндөн бери чечиле электигин кошумчалады.
Мындан улам институт Маданият жана маалымат министрлигине мектепти жакын арада психолог жана социалдык кызматкерлер менен камсыздоону сунуштап кат жөнөткөн.