Site icon Reporter.kg

Бишкектеги рейтингдик мелдеш. Эки балбан коло утту

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеште эки кыргызстандык балбан коло байге тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 1-июнда башталып, таймаш грек-рим күрөшү боюнча балбандар арасында болду. 97 кг салмакта Бексултан Махмудов жана 63 кг салмакта Дастан Кадыров коло байге тагынды.

Эскерте кетсек, мелдеш 1-4-июнь күндөрү болуп өтөт. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан 500дөн ашык спортчу катышып, 30 комплект медаль ойнотулууда. Кыргызстандан атынан рейтингдик мелдешке 46 балбан катышууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version