Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин биринде тиешелүү уруксат кагаздары жок жүргөн 27 чет элдик жаран аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин биринде тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 27 адамдан турган чет элдик жарандарды мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады.
Тартип бузгандар жана цехтин өкүлү Свердлов РИИБге жеткирилип, тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматкерлерге өткөрүп берилди.