Бишкектиктер Дэн Сяопин көчөсүндөгү жол оңдоо иштерине нааразы. Мэр эмне дейт?

24.09.2025 | 10:17

Бишкек шаарынын тургундары Дэн Сяопин көчөсүндө жүрүп жаткан оңдоо иштеринин темпине нааразы болушууда. Социалдык тармактарда кечээки жамгырдан кийинки унаа тыгындарынын сүрөт жана видеолору тарады. Колдонуучулар Фучиктен Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүктө кыймыл дээрлик токтоп калганын жазышууда. Айрым жүргүнчүлөр айласы кетип, унаадан түшүп жөө кеткенге аргасыз болушкан.

Маалым болгондой, аталган көчөнүн бир тарабы оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылган. Шаар тургундары жол жабылганы менен иштердин жай жүрүп жатканын сындап чыгышты.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн социалдык тармак аркылуу расмий жооп берди.

«Бул жерде ирригация системасын толук жаңылап жатабыз. Суу жана канализациянын негизги тутумдары ушул жерде жайгашкан. Ошондуктан иштер татаал жүрүп жатат. Жумушчулар жолдо иштеп жатат, кыймыл болсо да бар. Түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз», — деди шаар башчысы.

Мэрдин айтымында, бул жолдун экинчи тарабы да оңдолушу керек болчу, бирок азыркы тыгындарга байланыштуу ал иштер кийинки жылга жылдырылды.

Scroll to Top