Бишкектин башкы планы: 2050-жылы мектеп, бала бакчалардын саны 2-3 эсеге көбөйөт

27.10.2025 | 14:28

2025-жылга карата Бишкек шаарындагы бала бакча жана мектептердин саны 2-3 эсеге көп болот. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы жарыялаган Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планынын долбоорунда айтылды.

Бала бакчалар

Учурда Бишкек шаарында 20,11 миң орундуу 118 муниципалдык жана 2 ведомстволук (муниципалдык) мектепке чейинки билим берүү уюмдары иш алып барат.

Муниципалдык бала бакчалардагы орундарга болгон муктаждык 2050-жылга чейин төмөнкү негиздерде эсептелген:

  • калкты бала бакчалар менен камсыз кылуунун нормативдик көрсөткүчү – ар бир 1 миң адамга 53 орун (2–5 жаштагы балдардын санынын жана алардын 85%ын мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу көрсөткүчүнүн негизинде);
  • билим берүү объектилеринин аймактык жеткиликтүүлүгү – 300 метр.

Бишкек шаарынын башкы планы боюнча болжол менен төмөнкүлөрдү жайгаштыруу каралган:

  • Ленин районунда 29,3 миңден ашуун орунга эсептелген 105 объект;
  • Октябрь районунда 33,5 миңден ашуун орунга эсептелген 120 объект;
  • Биринчи Май районунда 23,9 миңден ашуун орунга эсептелген 85 объект;
  • Свердлов районунда 17 миң орунга эсептелген 61 объект.

Башкы планга ылайык, 2050-жылга карата Бишкек шаарындагы бала бакчалардын жалпы саны болжол менен 410 объектти түзүп, алардын долбоордук сыйымдуулугу 101,8 миңден ашуун орунду түзөт.

Жалпы билим берүү мектептери

Учурда Бишкек шаарынын аймагында 102,7 миң орундуу 117 муниципалдык жалпы билим берүү уюм бар.

2050-жылга карата муниципалдык мектептерде орундарга болгон нормативдик муктаждык төмөнкүлөрдү эске алуу менен эсептелген:

  • жалпы билим берүү уюмдарында калктын камсыздалуу көрсөткүчү – ар бир 1 миң адамга 153 орун (бул 1–9-класстагы балдардын 100%ын жана 10–12-класстагы балдардын 75%ын камсыздоого негизделген, ошондой эле 6–17 жаштагы калктын жаш курагы эске алынган);
  • объекттердин аймактык жеткиликтүүлүгү – 750 м (башталгыч мектеп үчүн 500 м);
  • жалпы билим берүү уюмдарынын бир смена менен иштөөсү.

Башкы план боюнча төмөнкүлөрдү жайгаштыруу каралган:

  • Ленин районунда 64,8 миңден ашуун орунга эсептелген 59 объект;
  • Октябрь районунда 68,1 миңден ашуун орунга эсептелген 62 объект;
  • Биринчи Май районунда 38,2 миңден ашуун орунга эсептелген 35 объект;
  • Свердлов районунда 20,0 миңден ашуун орунга эсептелген 18 объект.

Муну менен башкы планга ылайык, 2050-жылга чейин Бишкек шаарындагы муниципалдык мектептердин жалпы саны болжол менен 291 объектти түзүп, алардын долбоордук сыйымдуулугу 293,8 миңден ашат.

Scroll to Top