Бишкектин базарларында ВИЧ, СПИДге каршы акысыз тестирлөө башталды

Бишкектин базарларында ВИЧ, СПИДге каршы акысыз тестирлөө башталды

Республикалык «СПИД» борбору бүгүн, 23-ноябрдан тарта Бишкек шаарынын базарларында АИВ, сифилис, В жана С гепатитке жашыруун тестирлөөнү баштады. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты.

Бул акысыз текшерүү Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган бир айлыктын алкагында өтөт. Бардык каалоочуларды өзүнүн ден соолугунун абалын билүүгө чакырат.

Тестирлөөнүн убактысы  саат 10:00дөн 15:00гө чейин:

“Ош”  базары- 23.11.2020;

“Ош” базары- 24.11.2020;

“Аламедин”  базары- 25.11.2020;

“Аламедин” базары- 26.11.2020;

“Сары-Өзөн” базары- 27.11.2020;

“Сары-Өзөн” базары- 28.11.2020;

“Дордой-Дыйкан” базары- 30.11.2020;

“Орто-Сай” базары- 01.12.2020.

Дүйнө өлкөлөрүндөгүдөй эле Кыргызстанда да 1-декабрь — СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>