Жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо максатында Бишкектеги катар көчөлөрдүн кесилиштерине жол белгилер орнотулду. Бул тууралуу Кайгуул милиция кызматынан билдиришти.
Жаңы белгилер Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнө, Чүй-Тоголок Молдо,Чүй-Эркиндик, жана Логвиненко-ЛевТостой көчөлөрүнүн кесилиштерине орнотулган.
Кайгуул милициясынын маалыматына караганда, өткөн жылы Бишкек шаарында жол кырсыгынан 82 адам каза болгон, алардын 12си жаш балдар.
[su_image_carousel source=»media: 20167,20168,20169,20170,20171,20172,20173,20174″ crop=»none» autoplay=»4″]