Бишкектин мэри келечектеги иш пландары жөнүндө айтып берди

Бишкектин мэри келечектеги иш пландары жөнүндө айтып берди

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк иши боюнча маалымат жыйынында келечектеги иш пландары жөнүндө айтып берди.

Мэрдин айтымында, «Бишкек шаарынын аймагында көп деңгээлдүү унаа токтоочу жай» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу пландалууда, анын алкагында сыйымдуулугу 500 автоунаага чейин төрт көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай курулат:

— Патрис Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде;
— Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде;
— Псковск жана Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишинде;
— Түгөлбай Ата жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде.

Шаардык бюджеттин эсебинен жыл сайын 100 лифтти алмаштырып, аларды тейлөөнү аутсорсингге берүү пландалууда. Ошондой эле операторлордун лифтерлерин даярдоо жана №20 техникалык кесиптик лицейдин базасында электромеханиктерди чыгарууну калыбына келтирүү үчүн «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын алдында окуу борборун ачуу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Мэр

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>