Бишкектин Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде ИИМдин күзөт кызматынын унаасын жеңил унаа сүзүп салды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиргендей, окуя 28-ноябрда, саат 09:00 чамасында болгон.
26 жаштагы жаран «Хонда Авансиер» унаасы менен баратып, «Рено Логан» унаасын сүзүп, анын кесепетинен эки кызматкер жабыркаган.
Кырсык болгон жерге тез жардам кызматы келип, жабыркагандарды 4-шаардык ооруканага алып кетишкен.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми унаалар айып короосуна жеткирилген.