Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров шайлоого катышуу үчүн кызматтан кетип жатканын жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.
Анда ал «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратканын жана 21-августта кызматтан кеткенин айткан.
Мирлан Амантуров 2007-жылы Бишкек мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» ишканасын жетектеген. 2019-жылы шаардын вице-мэри болуп дайындалган.