Журналист жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматова жакында турмушка чыгып, үйлөнүү үлпөт тою болорун билдирди. Молдокматова мындай кубанычтуу кабары менен социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
Ал болочок жолдошу программист Бекназар Жамангараев экенин айтты.
«Биз бактылуубуз. Болочоктогу жолдошум Бекназар Жамангараев экөөбүздүн сүйүүбүз жана үмүтүбүз чоң. Жакында той», — деп жазды ал.
Молдокматованын болочок жолдошу дагы дал ушундай эле билдирүүнү өзүнүн социалдык баракчасына жазган.