“Мы с Путинам!” (Биз Путин мененбиз) деген жазуусу бар Путиндин сүрөтү тартылган плакатты артына илип алган атчан киши Акүйдүн тегеретесинде жүрөт. Бул боюнча журналист Назаркул Жоошбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видеосун жүктөп, таң калганын билдирди.
“Ат минип, аркасына Путиндин сүрөтүн асып алып, Ак үйдү тегеренип, бир эргул жүрөт. Айла жок…”- деп жазды.
Ушул тапта Орусия менен Украинанын ортосунда жаңжал токтой элек.