Бөлтүрүк: Канадалыктар Кумтөрдөгү компьютерлерди өчүрбөгөнүн айтты

Бөлтүрүк: Канадалыктар Кумтөрдөгү компьютерлерди өчүрбөгөнүн айтты

Канадалыктар Кумтөрдөгү компьютерлерди өчүрбөгөнүн айтты. Бул тууралуу “Кумтөр Голд компани” ачык акционердик коомунун сырттан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кумтөр өзү жаңы компьютердик башкарууларды түзүп, аны Кумтөрдө башкарат. Ошондой эле экологияга терс таасир тийгизген нерселерден арылып, таза мөңгү сууларынын ордуна шахтадан суу тартылып чыгарат.

“Автоматташтырылган башкарууну орнотуубуз керек. Буга чейин бардык кызматкерлердин иштөөсүнө тосколдук жаралып, компьютерлер аралыктан өчүрүлгөн. Болжол менен Түндүк америкадан өчүрүлгөн. Ал эми аралыктан башкаруу системасын Пол Янг деген башкарып турган.

Биз укук коргоо органдарына кайрылуу жасадык, “Кумтөр Голд комапанинин” Канададагы жетекчилери мындай кадамга барбаганын билдирди.

Жакынкы күндөрү алтын кенге АКШ, Канада, Улуу Британиянын элчилерин алып барабыз, алар бардык компьютерлердин өчүп, кен иштебей жатканын көрүп, өзүлөрүнүн обьективдүү маалыматын берет деп ишенебиз”, — деди Бөлтүрүк.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>