Борбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандады
Борбор калаада тооктун жумурткасына болгон чекене баалардын төмөндөшү катталды. Бул Антимонополдук жөнгө салуу кызматынын азык-түлүк рыногундагы абалды турукташтыруу боюнча жүргүзгөн ишинин натыйжасы болду.
2026-жылдын 11-мартында Антимонополдук кызмат Кыргызстандын куш өстүрүүчүлөр ассоциациясына жана анын катышуучуларына расмий эскертүү берди. Ведомство мыйзам бузуучу аракеттерге жол берилбестигин белгилеп, өндүрүүчүлөрдү баа саясатын кайра карап чыгууга чакырды.
Мындан тышкары, кызматтын адистери канаттуулар фабрикаларынын жана соода түйүндөрүнүн жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Тараптар бааларды негизсиз көтөрбөө жана продукциянын текчелерге туруктуу жеткирилишин камсыздоо боюнча макулдашышты.
Акыркы мониторингдин маалыматтарына ылайык, бир жумуртканын баасы орточо эсеп менен 1–3 сомго арзандаган.
Борбор калаанын базарларындагы абал (10 даана үчүн):
- Ош базары: 100 сомдон 160 сомго чейин (орточо баасы — 130 сом);
- Орто-Сай базары: 100 сомдон 165 сомго чейин (орточо баасы — 132,5 сом);
- Аламүдүн базары: 115 сомдон 155 сомго чейин (орточо баасы — 135 сом);
- Эски аянттагы жарманке: 110 сомдон 130 сомго чейин (орточо баасы — 120 сом).
Соода түйүндөрүндөгү абал (10 даана үчүн):
Ири супермаркеттерде баалар жумуртканын категориясына жана өндүрүүчүгө жараша 110 сомдон 150 сомго чейин өзгөрүүдө.
- «Алма»: орточо баасы — 132,5 сом (110дон 155 сомго чейин);
- «Globus» жана «Азия»: орточо баасы — 132,5 сом;
- «Достор»: орточо баасы — 126 сом.
Шаардын башка соода түйүндөрүндө он даана жумуртканын баасы орточо эсеп менен 110 сомдон 160 сомго чейин болууда.