Боронов: негизги максат өлүм санын азайтуу

Боронов: негизги максат өлүм санын азайтуу

Биздин негизги максат – мекендештердин өмүрүн сактоо жана өлүмдүн санын азайтуу. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. 

Ал өлкөдө 30-июль коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктарына арналган Улуттук аза күтүү күнү экенин белгиледи.

«Ар бир адамдын өмүрү биз үчүн – баалуу, ал эми ар бир өлүм – бул трагедия жана жүрөктөгү жарат… Биз өлүмдүн санын азайтуу үчүн болгон күч-аркетибизди жумшашыбыз керек», — деди өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланып, Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында коопсуздук чараларын күчөтүү керектигин айтты.

Мындан сырткары жаңы ооруканаларды куруу, бош имараттарды медициналык мекмеге ыңгайлаштыруу  жана алыскы айылдарды медициналык каражаттар камсыздоо боюнча биштер жүрүп жатканын айтты.

Штабдын кеңешмесинин жүрүшүндө күндүзгү стационарлардын иши тууралуу маселе талкууланды. Тактап айтканда, Бишкек шаарында медициналык кадр ресурсун натыйжалуу пайдалануу жана оптималдаштыруу максатында айрым пункттардын иштөөсү каралууда. Зарылдык туулган учурда стационарлар өз ишин кайрадан баштоого даяр болушат. Түнкү стационарлар ишин улантат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>