Бүгүн, 25-июлда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Нарындагы Солтон-Сары кенине барды. Бул тууралуу Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын малымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Боронов Солтон-Сары кенинде кытайлык компания куруп жаткан кен иштетүүчү комбинаттын курулушу менен таанышып жатат. Андан кийин жергиликтүү эл менен жолугушары өткөрүүдө. Жолугушууда ал Солтон-Сары жайлоосунан алынган топурак, суу жана жайлоодон өлгөн малдын анализдеринин жыйынтыгы айтылат.
Белгилей кетсек, 15-июлда Солтон-Сары жайлоосунда “кытайылк компания жүргүзгөн жардыруудан кийин майда мал жандыктар өлүп жатат” деп, малчылар билдиришкен. Алар кенчилердин ишине нааразы болуп президентке да кат жолдошуп, кытайлык компаниянын ишин токтотууну талап кылышкан.