Админстративдик басым көрсөтүү тууралуу даттануулар түшкөн жок. Бул тууралуу маалымат жыйында БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдирди. Анын айтуусуна караганда алардын көпчүлүгү техникалык бузулуулар боюнча.
“Бүгүн, 10-январда добуш берүү учурунда 11 мыйзам бузуу боюнча кайрылуу түштү. Алардын көпчүлүгү боюнча жеринде аракеттер көрүлүп, чечимдер кабыл алынган. Админстративдик басымдар тууралуу даттануулар түшкөн жок. Көпчүлүгү техникалык бузулуулар боюнча”, — деди Шайназаров.