Мөөнөтсүз президенттик шайлоо учурунда 2 урна сынды. Бул тууралуу маалымат жыйында БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтуусуна караганда бүгүн, шайлоо процесси учурунда мыйзам бузуулар катталган эмес. Саат 9:30га карата шайлоо участокторунда 2 урна сынганы тууралуу маалымат түшкөн. Азырынча башка мыйзам бузуулар катталган эмес.