4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Маалыматты “Репортёрго” БШКнын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов тастыктады.
“БШКнын отурумунда ушундай чечим кабыл алынды. Жаңы шайлоонун мөөнөтү эки жуманын ичинде белгилүү болот. Азыр так датасы аныктала элек”, – деди Бекматов.
Белгилей кетсек, автоматтык эсептөөчү аппараттын жыйынтыгы менен «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары жети пайыздык босогодон өткөн.
5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митингге чыгып, 6-октябрга караган түнү алар Ак Үйдүн жана УКМКнын имаратын басып алышкан. Митингдеги элдин талабы менен абактагы бир нече саясатчылар эркиндикке чыкты.