Кыргызстандын дзюдочулары Будапешттеги мелдешке жөнөп кетишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү ушул жылдын 23 — 25 октябрь күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтө турчу «Grand Slam Hungary» эл аралык рейтинг мелдешине катышышат.
Аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн команданы жетектеп Эркин Кадыракунов кетти.
-Спортчулардын тизмеси: Те Артур – 66 кг
-Золоев Владимир – 81 кг
-Шеров Эрлан – 90 кг
-Фарух Булекулов – 90 кг (башка каржылоо булактарынан)
-Краковецкий Юрий – 100 кг жогору.
Дзюдочулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен иш-сапарга жөнөтүлдү.