Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалды
Бүгүн Албаниядагы рейтингдик турнирде Кыргызстандан беш балбан күч сынашат
27.02.2026 | 09:51

Албаниянын Тирана шаарында спорттук күрөш боюнча “MUHAMET MALO 2026” эл аралык рейтингдик турнири өтүүдө. Бүгүн, 27-февралдагы мелдешке Кыргызстандан беш спортчу катышат.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Гүльнур Таштанбекова (65 кг) жана Мээрим Жуманазарова (68 кг) килемге чыгат. Ал эми грек-рим күрөшүнөн Илгиз Каныбеков (77 кг), Асан Жанышов (87 кг) жана Азат Салидинов (87 кг) күч сынашат.
Бул күнү кыз-келиндер 59, 62, 65 жана 68 кг салмак категорияларында, грек-рим күрөшүнүн балбандары 77 жана 87 кг салмакта байгелер үчүн ат салышат.
Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт