Бүгүн ЖРТга кышкы каттоо башталды

15.10.2025 | 10:00

Бүгүн, 15-октябрдан тартып, Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) каттоо башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, каттоо Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасы аркылуу, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жардамы менен, 30-октябрга чейин онлайн түрүндө жүргүзүлөт.

Кышкы кабыл алуу жогорку окуу жайлардын келишимдик (акы төлөнүүчү) негизиндеги билим берүү формасына гана тиешелүү.

ЖРТга катыша ала тургандар:

  • Орто жалпы билими жөнүндө аттестаты барлар;
  • Орто кесиптик билими жөнүндө диплому бар жарандар.

Чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар тестке бир күн калганда катталып бүтүрүүгө тийиш.

Каттоо боюнча толук нускаманы жана видеон көрсөтмөнү testing.kg/videolessons сайтынан көрүүгө болот.

Кышкы ЖРТ 2025-жылдын 20–23-ноябрында өтөт.

Жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн ЖРТнын негизги тестин жана мамлекеттик тил боюнча тестти тапшыруу талап кылынат.

Scroll to Top