Бул жалпы улуттук күрөш, кайраттуу бололу. Президент Улуттук аза күтүү күнүнө карата кайрылуу жасады

Бул жалпы улуттук күрөш, кайраттуу бололу. Президент Улуттук аза күтүү күнүнө карата кайрылуу жасады

Бүгүн, 30-июль Кыргызстанда коронавирустан каза болгондор үчүн Улуттук аза күтүү күнү. Буга байланыштуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Улуттук аза күтүү күнүндө Кыргыз элине кайрылуу жолдоду.

«Урматтуу мекендештерим! Бүгүнкү күн — коронавирустан каза болгон мекендештерибизди эскерүүгө арналган Улуттук аза күтүү күнү. Жалпы Кыргызстан көзү өткөндөрдү эскерип, аза күткөн, маркумдардын үй-бүлөсүнө кайрат айтып, тилектештик билдире турган күн. Дүйнөлүк апаатка айланган бул илдет Кыргыз элин да кайгы-муңга салды, боордошторубуздан айрылып калдык. Оорунун айынан жарандарыбыздын ата-энеси, бир тууганы, балдары, жакындары каза болушту. Өлкөбүз орду толгус оор жоготууга учурады.

Ар бир көз жумган мекендешим менин сай-сөөгүмдү сыздатып, жүрөгүмдү канатып кетти. Каза болгондордун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жаны бейиштен болсун деп тилейбиз. Маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, кайрат кылгыла дейбиз. Жараткандан сабыр тилейбиз.

Баарыбыздын тагдырыбыз бир, жалпы кыргыз эли чогубуз. Каза болгон жарандарыбыз — ар бирибиздин боордошубуз, жакыныбыз, мекендешибиз, досубуз, коңшубуз же жөн гана таанышыбыз.

Урматуу мекендештерим! Жарандарыбыздын өмүрү, элбиздин ден соолугу үчүн болгон күрөш дагы эле бүтө элек. Бул апаат ар бирибизди оор сыноодон өткөрүп жатат. Илдет менен күрөшүү, элибиздин ден соолугун сактап калуу — бул жалпы улуттук күрөш. Биз баарыбыз бирге аракет кылсак, бир күч, бир дем болсок, бул апаатты жеңебиз!

Урматтуу мекендештерим, кадырлуу калкым! Кайраттуу бололу, сабыр тилейли! Эртең мусулмандардын улуу күнү — Курман айт. Каза болгондорго арналып куран окулат, өткөндөрдүн бейишин тилеп, Жаратканга сыйынабыз.Ата-энелеринен, уул-кыздарынан, жакын туугандарынан ажыраган мекендештеримдин аза күйүтүн тең бөлүшөм! Каарман элибизди, сүйүктүү Кыргызстанды Жараткан Кудай өзү колдосун! Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!», — деп кайрылды өлкө башчы Кыргыз элине.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан жалпы 1 миң 347 бейтап каза болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>