Site icon Reporter.kg

Бүгүн Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун жолугушуусу өтөт

Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болот.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландалууда.

«Биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген россиялык лидер Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган», — деди Султанбаев.

Садыр Жапаров 12-октябрда Астанага иш сапары менен барган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version