Бүгүн Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмеси өтөт

Бүгүн Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмеси өтөт

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт.

Чөлкөмдүн лидерлеринин саммитине катышуу үчүн Казакстан менен Өзбекстандыгн президенттери Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 20-июлда келди.

Өлкө лидерлери бейформал жагдайда жолугушуу өткөрүштү. Саммиттин алкагында чөлкөмдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтүп, аларды мамлекет башчы Жапаров кабыл алган.

Чолпон-Атада өтчү Борбор Азия лидерлеринин төртүнчү кеңешмесинде чөлкөмдүн беш мамлекети достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коеру күтүлүүдө.

Бул жыйын аймактагы үч өлкөдө адам өмүрлөрү кыйылган кандуу окуялардан кийинки, Түркмөнстандагы бийлик транзитинин жана Орусиянын Украинага кол салгандан кийинки алгачкы кеңешме.

Иш-чара президент Садыр Жапаров үчүн көп сандагы чет элдик лидерлерди кабыл алган биринчи жолугушуу болот.

Жыйындын алкагында президент Садыр Жапаров айрым президенттер менен жекече жолугушары да айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>