МИКтин Бишкектеги “Мурас” турак жайынан 476 батир кезекте тургандарга тапшырылды

МИКтин Бишкектеги “Мурас” турак жайынан  476 батир кезекте тургандарга тапшырылды

Бүгүн мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында Бишкектеги “Мурас” турак жай комплексинде дагы 476 батир кезекте турган жарандарга берилди.

Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, иш-чарага Садыр Жапаров катышты.

Президент азыркы тапта республика боюнча 60 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатканын айткан.

Батир алгандардын арасында мигранттар, мамлекеттик кызматкерлер, мугалим-дарыгерлер, 50%ын төлөгөн ишкерлер дагы бар.

“Мурас” турак жай комплекси Бишкек шаарынын К.Маликов көчөсү, 91 дарегинде жайгашкан. Бүгүнкү тапшырылган үйдө бир бөлмөлүү- 204, эки бөлмөлүү-102, үч бөлмөлүү-170 батир жайгашкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>