Бүгүн Next TV каналынын директоруна сот өкүмү чыгары күтүлүүдө

Бүгүн Next TV каналынын директоруна сот өкүмү чыгары күтүлүүдө

Бүгүн, 21-сентябрда Биринчи май сотунда Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин соту болот. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Соттук жыйын саат 11:00гө белгиленген. Бүгүнкү отурумда Дүйшөмбиевге сот өкүмү чыгары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, 5-сентябрда өткөн соттук процессте прокурор айыпталуучуну 7 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Next TV телеканалынын директоруна «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча иш ачылган.

Аталган иштин козголушуна Next TV каналынын социалдык тармактарында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысынын «Украина менен болгон согушта Кыргызстан Россияга жардам берет» деген билдирүүсүн жарыяланганы себеп болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>