Быйыл 7 айда Өзбекстанга 3,3 миң кыргызстандык жаран дарыланууга барган. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл январь-июль айларында Өзбекстанга 36,3 миң чет өлкөлүк жаран дарыланууга барган.
Өзбекстанга дарыланууга барган чет элдиктер:
Тажикистан – 25,8 миң адам;
Казакстан – 6,2 миң киши;
Кыргызстан – 3,3 миң адам;
Россия – 600 киши;
Түркмөнстан – 200 адам.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз