Быйыл бала бакчаларды реформалоого жана кошумча топторду түзүүгө 927 млн сом бөлүнөт

Быйыл бала бакчаларды реформалоого жана кошумча топторду түзүүгө 927 млн сом бөлүнөт

Кыргызстанда 2025-жылы бала бакчаларды реформалоого жана кошумча топторду түзүүгө 927 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ынтымак Ордодо өткөн  жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда 162 бала бакчаны каржылоого жергиликтүү бюджеттен 612,4 млн сом бөлүнгөн.

Ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам мектепке бара албаган алыскы аймактарда жашаган балдарга сапаттуу билим берүү максатында 2025-2028-жылдары “Тунгуч” онлайн мектеби пилоттук режимде түзүлөт. Бул демилгенин алкагында окуу процесси санариптик технологияларды жана инновациялык ыкмаларды колдонуу менен ишке ашырылууда.

Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы Билим берүү министрлигине балдарды мектепке чейинки билим берүүнүн бардык түрлөрү жана формалары менен камтууну 2025-жылга чейин 60%га жеткирүү тапшырмасын берди. Өткөн жылы бул көрсөткүч 44,3%ды түзгөн.

Эскерте кетсек, жалпысынан төрт айда билим берүү тармагына республикалык бюджеттен 21,5 миллиард сом бөлүнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>