2025-жылы Кыргызстанда 16 медициналык объектте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул үчүн республикалык бюджеттен 480,9 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Оңдоо иштери өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы төмөнкү объектерде жүргүзүлөт:
- Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордун поликлиникасы,
- Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбор,
- Бишкектеги №8 үй-бүлөлүк медицина борбору,
- Кардиология жана терапия боюнча улуттук борбордун имараттары (биринчи жана экинчи этап),
- Клиникалык тез жардам ооруканасы,
- Сокулук райондук ооруканасы,
- Сүлүктү шаарындагы поликлиника,
- Аксы районунун Кызыл-Жар айылындагы оорукана,
- Аксы районунун Кара-Суу айылындагы оорукана,
- Майлуу-Суу шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору,
- Каракол шаарындагы медициналык окуу жай,
- Чолпон-Ата шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору,
- Ноокат аймактык ооруканасындагы кардиология бөлүмү,
- Талас облустук бириккен ооруканасы,
- Ош облустар аралык бириккен ооруканасы.
«Бул — бейтаптардын ыңгайлуулугун жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн шарттарын жакшыртууга карай маанилүү кадам»,- деп билдирди министрлик.