Сокулукта жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылдыКыргызстандын парламентинин төрагасы Москвада эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелерин көтөрдүКыргызстан жерлерди калыбына келтирүү боюнча эл аралык программага кошулдуКытайлык компания Кыргызстанда дрон чыгаруучу завод курууну пландоодоБишкекте ысык суунун тарифи өзгөрдүКыргызстандын бийлиги кремацияга 2040-жылга чейин тыюу салууну сунуштоодо
C5+1 форматы: Трамп Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин чакырды
27.10.2025 | 09:38

АКШ президенти Дональд Трамп Борбордук Азия мамлекеттеринин – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлерин C5+1 форматындагы саммитке чакырды.
Саммит 6-ноябрда Вашингтондо өтөт.
Бул форматтагы бул экинчи саммит болуп саналат. Биринчиси 2023-жылы Нью-Йоркто, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында, ошол кездеги АКШ президенти Жо Байдендин жетекчилиги менен өткөн.
Саммит алдында АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча өкүлдөрү Серхио Гор жана Кристофер Ландау 26–30-октябрда Өзбекстан менен Казакстанга иш сапар менен барышат.
Казакстандын ТИМи маалымдагандай, сүйлөшүүлөрдө аймактык коопсуздук, соода-экономикалык байланыштар жана C5+1 кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланат.