Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында башынан жаракат алган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов өзүнө келип сүйлөй баштады.
Бул тууралуу Кой-Таштагы окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынында ИИМдин өкүлү Нурдин Метеров айтканын Спутник жазып чыкты.
«Курманкулов колу-бутун кыймылдатып реабилитациялык көнүгүүлөрдү жасап жатат. Анын жанында келинчеги менен агасы бар. Курманкуловдун жумушка кайтып келер-келбеси белгисиз. Себеби анын башына оор операция жасалгандыктан иштеп кетүүгө кыйын болот. Балким, жетекчиликтин чечими менен өтө оор эмес кызмат берилип калышы мүмкүн», — деген Метеров.
7-август күнү кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Самат Курманкуловдун башынана таш тийген.
Кыргызстанда анын башына эки жолу операция жасалып, абалы өзгөрбөгөн соң Москвадагы Бурденко атындагы борборго жиберилген.