Чүй районунда 11 жаштагы өспүрүм өзүнүн үйүндөгү сарайга кирип муунуп алган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 26-ноябрь күнү болжол менен саат 17:03 чамасында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болгон. Ал 2008-жылы туулган К.Н. аттуу жаран экендигин аныкташкан.
Денесиненен моюнундагы жиптен башка зордук-зомбулук аныкталган эмес.
Учурда бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Маркум Чүй районундагы орто мектептердин биринде 5-класста окучу жана жетиштүү үй-бүлөдө чоңойгону маалым болгон. Милиция кызматкерлери экспертизаларды дайындап, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.