Чүй райондук ИИБ кызматкерлери айыл өкмөтү менен биргеликте жапайы кара куурайды жок кылуу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган облустук милиция башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери короолорду жана кара куурай өскөн жайларды кыдырып чыгышкан.Жыйынтыгында Чүй айылынынын түштүк жагында 0,20 гектар жана Жаңы-Чек айылында 0,30 гектар жерде жапайы кара куурай талаалары табылган. Милиция кызматкерлери жергиликтүү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте табылган кара куурайды жок кылышкан.