Чүйдө унаасына жасалма өткөрмө барак (пропуск) тагып алган адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.
Кармалган адам Чүй облусунун 49 жаштагы тургуну болгон. Ал 30-март күнү Ысык-Ата районунун Киргшелк айылында жайгашкан санитардык-карантиндик постунан өтмөкчү болгон.
Азыркы учурда автоунаа убактылуу айып токтомго жайына киргизилип, айдоочуга карата Жазык Кодексинин 171-беренеси менен иш козголгон.