Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Ала-Арча суусуна агып кеткен аял кишинин сөөгүн табышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Белгилүү болгондой, 6-июнь күнү саат 14:00 чамасында Аламүдүн районунундагы Ала-Арча жаратылыш паркындагы Ала-Арча суусуна аял киши түшүп кеткендиги тууралуу кабар түшкөн.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар саат 15:30дар чамасында каза болгон аял кишинин жансыз денесин суудан алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.