Чаткалда 1,7 млрд сомдук Каныш-Кыя-Кара-Буура унаажолунун курулушу башталды

Чаткалда 1,7 млрд сомдук Каныш-Кыя-Кара-Буура унаажолунун курулушу башталды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 16 чакырым узундуктагы Каныш-Кыя-Кара-Буура унаажолунун курулушу расмий башталды. Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдун курулушу үчүн өлкө казынасынан 1 млрд 700 млн сом бөлүнгөн. Жолду курууда тоону тешип жардыруу, көпүрө куруу, суу темир-бетон түтүктөрүн орнотуу иштери жасалат. Курулуш иштерин 2026-жылдын октябрь айынын аягында бүтүрүү пландалууда.

«Долбоордун максаты аймактык товарлардын жана жумуштун рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүктү жогорулатуу, алыскы Чаткал районунун тургундарынын башка облустарга жана мамлекеттерге байланыштуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, Чаткал районунун туристтик потенциалын жогорулатуу болуп саналат»- деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>