Тажикстандын Улуттук Коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 9-январь кечинде Көк-Таштын тургундары Султанбек Абдуллаев деген тургундун үйүнүн жанына чогулуп, тажик жарандарынын жолдон өтүшүнө жолтоо кылышкан.
Кечки саат 21.30дар чамасында кыргыз жарандары коңшу өлкөнүн Кожоало айылынын тургуну Зафар Азамовдун автоунаасына таш менен уруп, терезесин сындырган.
Мекеменин билдирүүсүндө мындан соң тажик жарандары кыргызстандыктардын автоунаасына таш ыргытканы, 10-январга караган түнү кыргызстандыктар эки жолу мергенчилик мылтыгынан ок атканы жазылган.
Ошондой эле атылган октордун бири тажикстандык милиция кызматкеринин унаасына тийгени, андан эч ким жабыркабагандыгы да маалымдалган.
10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжал болгонун ырастап, Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдады.
Ага ылайык, өткөн түнү алгач Баткен районун Орто-Бөз айылына жакын Жака-Өрүк аймагындагы кыргыз жаранынын автоунаасына, кийинчерээк Достук айылынын тургунун автоунаасына тажик тараптан таш ыргытылып, терезелери талкаланган.
Кийинчерээк Көк-Таш айылынын Дахма тилкесине карата коңшу өлкөдөн ок атылган. Андан жараат алгандар жок.
Милиция жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында аларды Көк-Таш айылындагы мектепке жайгаштырган.
Учурда чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу экени кабарланды. Кыргызстандын аймактагы күч органдары күчөтүлгөн режимди иш алпарууда.