Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан улам Кыргызстандын бир аскер кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 14:15ке алынган маалымат боюнча Баткен районунун Булак-Башы деген жеринде болуп жаткан ок атышуу токтоду.
«Саат 14:07де чек ара бөлүмдөрүнө ок атышууну токтотуу боюнча буйрук берилгени менен тажик тарап кыргыз тарапты көздөй саат 14:15ке чейин ок атууну токтоткон эмес. Ок атышуу учурунда Кыргызстандын бир аскер кызматкери жаракат алды, ага медициналык жардам көрсөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Учурда эки тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Буга чейин чек арада ок атышуу болуп жатканы маалымдалган.