1266 кыргызстандык жаза мөөнөтүн чет өлкөлөрдө өтөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде парламенттин тармактык комитеттин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
Чет өлкөлөрдүн абактарында жаткан кыргызстандыктардын санынын эң көбү — Орусияда – 1012;
— Казакстанда — 93;
— Тажикстанда — 26;
— Өзбекстанда — 32;
— Түркияда — 14;
— Кытайда — 12 адам.
Зулушев кошумчалагандай, 2020-жылы соттолгон 51 КР жараны Кыргызстанга экстрадиция кылынган.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет биргелешип өткөргөн жыйында Башкы прокурордун 2020-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун кабыл алды