Site icon Reporter.kg

Чоң-Алайда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн,  8-январь саат 07:15те Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн күчү Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында 3 балл, Карамык айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Exit mobile version