Бүгүн, 8-январь саат 07:15те Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн күчү Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында 3 балл, Карамык айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.