Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 13 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-августта Бишкек шаарынын Учкун кичи районунда Чоң Чүй каналына 13 жашар бала түшүп кеткен. Төрт күнгө созулган издөө иштеринин натыйжасында баланын жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.