Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү толук оңдолуп бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Аталган жол тилкенин узундугу 3,9 чакырымды түзөт. Оңдоо иштерин “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы жана “China Road and Bridge Corporation” компаниясы биргелешип жүргүзгөн.
Долбоорго ылайык, жол 4 тилкелүү болуп курулуп, туурасынын жалпы узундугу 14 метрди түздү. Жолдун жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында алгач 9 см калыңдыктагы асфальттын жогорку катмары төшөлгөн.
Ошондой эле суу түтүктөрүн орнотулуп, лотоктор, бордюр таштар коюлуп, аялдамалар, тротуарлар жана унаа токтотуучу жайлар курулган. Мындан тышкары 2 көпүрөнү оңдоо иштери толук бүтүп, Чолпон-Атанын борбордук көчөсү толук жарыктандырылган.