Чолпон-Атада ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчылары өлкө башчы менен жолугушту

Чолпон-Атада ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчылары өлкө башчы менен жолугушту

19-июнда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин катчылары жана «Борбор Азия – Россия» форматындагы делегациялар менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда мамлекет башчысы татаал эл аралык кырдаалдын шартында Афганистандагы  абалга туруктуу мониторинг жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи. Президент коопсуздук жаатындагы көйгөйлөргө токтолуп, азыркы замандын чакырыктарына каршы туруу маселеси күн тартибинде турганын белгиледи.

Өзгөчө көңүл төмөнкү коркунучтарга каршы күрөшүүгө бурулду:

  • Терроризм жана экстремизм,
  • Экстремисттик идеологияларды жайылтуу,
  • Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү,
  • Трансулуттук уюшкан кылмыштуулук.

Президент Садыр Жапаров бул багыттар боюнча жамааттык жана координацияланган аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, мындай жолугушуулар аймактык коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү аянтча экенин белгиледи.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>